Signal купуялыкты биринчи орунга койгон жазышуу колдонмосу. Сүйлөшүүлөрүңүздүн купуялыгын камсыз кылып, баштан-аяк шифрленген, акысыз жана колдонууга оңой колдонмо. Жазышканыңар же чалышканыңар эч кимге көрүнбөйт да, угулбайт. Жада калса, бизге дагы. 

• MacOS системасындагы Signal телефонуңуздагы Signal'га байланат. 

• Баштан аяк шифрленген билдирүүлөрдү, аудио билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видеолорду, GIFтерди жана файлдарды акысыз жөнөтөсүз. 

• 1000 чейин адам менен топтошуп маектеше аласыз. Топтун администратору катары ким пост жайгаштыра аларын чечип, топтун мүчөлөрүн башкарасыз.

• Досторуңузга аудио жана видео режимдеринде чалып, мыкты сапатта сүйлөшө аласыз. 75 адамга чейин топтошуп чалсаңыз болот.

• Signal купуялыңызды коргойт. Ким экениңизди жана ким менен сүйлөшүп жатканыңызды билбейбиз. Баштапкы коду ачык Signal Protocol кызматы аркылуу билдирүүлөрүңүздү да, чалууларыңызды да окуп, уга албайбыз. Эч ким. Эч ким тыңшабайт, маалымат чогултпайт, жең алдынан келишпейт. 

• 24 сааттан кийин жоголуп кете турган сүрөт, текст жана видео окуяларыңызды бөлүшө аласыз. Купуялык параметрлери аркылуу ар бир окуяңызды ким көрө аларын тандасаңыз болот.

• Signal башка уюмдардан айырмаланып, башка технология менен иштеген көзкарандысыз, коммерциялык эмес кызмат. Биз 501c3 коммерциялык эмес компания болгондуктан, жарнамачыларыбыз же инвесторлорубуз жок, силердин колдооңуз менен иштейбиз. 

• Жардам алгыңыз келсе, суроолоруңуз болсо же кененирээк билгиңиз келсе, бул жерге өтүңүз: https://support.signal.org/

Баштапкы кодубузду бул жерден билсеңиз болот: https://github.com/signalapp 

Бизге X @signalapp жана Instagram @signal_app катталсаңыз болот
